Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

Бактыгүл Жээнбаева Финполго суракка чакырылды


Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 30-сентябрга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Жээнбаева өзү ырастап, эмне иш боюнча чакырылганын айтты:

- Соттук өкүлчүлүк борборундагы төлөмдөр боюнча Финполго чакырышкан. Бирок мен анда иштеген эмесмин, ал 2012-2015-жылдары болгон төлөмдөр. Ошондуктан менин тиешем жок. Төлөмдөр Финансы министрлиги аркылуу өткөн да. Ошондуктан чакырып жатышса керек. Мен барганда деле эч нерсе айтып бере албайм.

Жээнбаева 30-сентябрда иш сапарына кете турганын айтып, сурак берүү күнүн жылдырууну сурай турганын кошумчалады.

Финполдон Жээнбаева кайсы иш боюнча суракка чакырылганы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG