Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Москвада саясий туткундарды бошотууну талап кылган митинг өтүт жатат


Сахаров проспектиндеги митинг. 10-август.
Сахаров проспектиндеги митинг. 10-август.

Орус баш калаасынын Сахаров проспектинде саясий туткундарды, анын ичинде Москвадагы митингде кармалгандарды бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат. Акция «Коё бер!» деген ураандын алдында өтүүдө. Тилектештик митинги Орусиянын башка шаарларында да өтөт.

Буга чейин Москвада президенттик администрациянын алдында «Москва иши» боюнча туткундарды бошотууну талап кылып майда митингдер өтүп келген. Ишемби күнкү акцияга Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальный катышкан.

«Москва иши» деген аталышка ээ болгон кылмыш иштери 27-июлда Орусиянын борбор шаарында өткөн массалык жүрүштөн кийин козголгон. Бийлик бул акцияны «башаламандык» деп тапкан.

«Күч органдарынын кызматкерине кол көтөргөн» жана аларга карата «жек көрүү менен зомбулукту козуткан» деген айып менен Евгений Коваленко, Кирилл Жуков, Данила Беглец, Иван Подкопаев менен Владислав Синица эки жылдан беш жылга чейин соттолгон. Айрымдары азыркы күнгө чейин убактылуу кармоочу жайларда кармалып турса, кээ бирлери үй камагында.

«Москва ишин» токтотуу боюнча буга чейин жарыяланган кесиптик бирикмелердин тилектештигине актерлор менен режиссёрлор да кошулду.

XS
SM
MD
LG