Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Ооганстанда шайлоочулардын 20 пайызы добуш берди


Ооганстанда добуштарды саноо башталды. 29-сентябрь, 2019-жыл.
Ооганстанда добуштарды саноо башталды. 29-сентябрь, 2019-жыл.

Ооганстанда президенттик шайлоодо берилген добуштарды саноо башталды. Шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн айтымында, 28-сентябрда добуш бергендердин саны расмий эмес маалыматтарга караганда 2 миллондон бир аз ашып, жалпы катталгандардын 20% гана түзгөн. Бул 2014-жылдагы шайлоого карата 7 млн. аз дегенди билдирет. Өлкөдө жалпысынан 9,6 млн. шайлоочу катталган.

Байкоочулар аялдар арасында добуш бергендер өзгөчө аз болгонун белгилешти.

Талибдер добуш берүү күнүн утурлай шайлоону үзгүлтүккө учуратуу ниетин билдирип, жарандарды добуш берүүгө барбоого чакырышкан. Байкоочулар талибдердин мындай эскертүүлөрүнөн кийин шайлоочулар азыраак келгенин билдиришкен.

Шайлоочулар добуш берүү процесси 2018-жылы парламенттик шайлоого караганда жакшы уюшулганын белгилешкен менен техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу да маалыматтар айтылып жатты. Айрымдар өздөрүн тизмеден таппай калган учурлар болду.

Бул экстремисттик «Талибан» кыймылынын режими 2001-жылы кулагандан берки төртүнчү президенттик шайлоо. Буга чейин АКШ менен «Талибандын» ортосунда келишимге жетишүү даярдыктарына байланыштуу добуш берүү эки жолу жылдырылган. Бирок сентябрдын башында АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскердин өлүмүнө алып келген Кабулдагы терактка байланыштуу талибдер менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Кабулдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» тобу өзүнө алган.

Шайлоонун жыйынтыктары азырынча чыга элек. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы 19-октябрь, толук жыйынтык 7-ноябрда чыгары айтылды.

XS
SM
MD
LG