Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 24-сентябрда «Коопсуз шаар» системасына байланыштуу өкмөттүн токтомуна кол койду. Анда бул система 2020-жылдын аягынан тарта ишке кирери, жалпысынан эки жылдын ичинде өлкөнүн бардык аймагына орнотулары жазылган.
Документте Өзбекстан менен Кытай бул тууралуу өткөн айдын аягында Бээжиндеги эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жыйынында макулдашылганы көрсөтүлгөн. Тараптар макулдашкан тизмеде баш-аягы 54 долбоор болгон жана жалпы баасы 4,3 миллиард долларды түзгөн.
Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору быйыл февраль айында ишке кирген. Анда орусиялык «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Долбоордун экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңип алган.