Нью-Йоркто сот өзбекстандык Дилхаёт Касымовду «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) жактоочуларын каржылоого байланыштуу айыптап, 30 жылга эркинен ажыратты.
Маалыматка караганда, Дилхаёт Касымов 2015-жылы дагы бир мекендеши менен бирге, Жакынкы Чыгышта «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуп согушуу үчүн кетүүгө камынган казакстандык Ахрор Саидахметовго 1600 доллар чогултуп берген.
Саидахмедов 2015-жылы 25-февралда Нью-Йорктон Түркияга учуп кетер алдында кармалган. Тинтүү учурунда анын жанынан накталай акча табылган. Сотто Дилхаёт Касымов Саидахмедовго жардам бергенин жана анын Сирияга кетүү тууралуу пландарын билгенин мойнуна алган.
2017-жылы декабрда сот Бруклинде жашаган 22 жаштагы Ахрор Саидахмедовду «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каржылай көмөк көрсөтүүгө аракет кылган деп айтыптап, 15 жылга түрмөгө кескен.
Нью-Йорк прокуратурасы Саидахмедов жазасын өтөп бүткөн соң АКШдан чыгарыларын билдирди. 2017-жылы Ахрор Саидахмедов менен кошо кармалган дагы бир өзбекстандык Абдурасул Журабаев 15 жылга соттолгон.