Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Кыргызстан Камерун жана Мозамбик менен дипломатиялык алака түздү


Кыргызстандын желеги.
Кыргызстандын желеги.

27-сентябрда Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Камерундун тышкы иштер министри Мбелла-Мбелла жана Мозамбиктин тышкы иштер жана кызматташуу министри Жозе Кондугуа Пашеку менен өз-өзүнчө эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Жыйынтыгында Бишкек аталган эки мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникелерге кол коюшту.

Документке ылайык, мамлекеттер тынчтык жана коопсуздук жаатында эл аралык талаптарды аткарууга, өлкөлөрдүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, өз алдынчалыгын урматтоого, ички иштерге кийгилишпөөгө милдеттүү.

Кыргызстан 1991-жылы эгемендик алгандан бери дүйнөнүн 160ка жакын өлкөсү менен дипломатиялык алака орноткон.

XS
SM
MD
LG