Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:47

Жанарбек Акаев: Ош милициясынан «Азаттык» боюнча калыс тергөөнү талап кылабыз


Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Азаттыктын» кызматкери Айбек Кулчумановдун тегерегиндеги окуяга байланыштуу комментарий берип, бул маселени иликтөөдө милицияны эч кайсы тарапка жан тартпоого чакырды:

- Биз түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашашыбыз керек. Кыргызстанда ким гана болбосун, ал Матраимов болобу, Абылгазиевби же журналист болобу, мыйзамдан жогору болбошу керек. Мен Ош милициясынын жетекчилерине телефон чалып, бул иште тааныш-билиштикке же таасирге эмес, мыйзамга гана таянып иш алып барышы керек экенин айттым. «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинде так жазылып турат - коомчулукту кызыктырган маселени чагылдырууда журналистке эч ким тоскоолдук кылбашы керек. Ушул эле мыйзамдын 8-беренесинде «журналисттин маалымат алуу жана таратуу ишинде мамлекет гарант болот, аны эч ким чектей албайт» деп жазылып турат. Ал эми Жазык кодексинде болсо адамдын жеке жашоосун анын уруксатын албай туруп ачыкка чыгаруу жана маалымат чогултуу да мыйзамсыз экени жазылган. Ошондуктан бул маселеде чагымчылардын куралы болбой, эмоциялардан, кайым айтышуудан да милициянын терең жана калыс иликтөөсү абдан маанилүү. Өзгөчө Ошто жоон билектер үстөмдүк кылган окуялар улам болуп жатат, муну тартипке салып коюш кыйын эмес, бирок тиешелүү жетекчилердин ошого эрки жетпей жатканы өкүнүчтүү.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан.

«Азаттыктын» журналистинин арызы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ошол күнү кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Милиция журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазганын билдирди. «Азаттык» Райымбек Матраимовдун бул окуяга тиешеси бар же жогун өзүнөн азырынча тактай алган жок. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG