Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин тарапкерлери мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.
Бүгүн, 30-сентябрда алар Сагымбаевдин туулуп өскөн айылы - Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбөсүндө чогулуп, Сагымбаевге карата териштирүүнүн калыстыгын камсыз кылууну өтүнүштү.
Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Азаттык» радиосуна айылда өткөн митингге 50-60 адам катышканын айтты:
- Болжол менен айылдын 50-60 кишиси чогулуптур. Негизги талаптары – акыйкат сот болсун деген талап. Коомдук тартип бузулган жок. Мыйзам чегинде өз талаптарын айтып жатышат.
Атамбаев быйыл 8-агустта Кой-Таштагы үйүнөн атайын операция учурунда кармалган. Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери катары анын жанында акырына чейин жүргөн. 24-сентябрда кармалып, 26-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 8-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалган.
Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат. (RK)