Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Трамп аны «айыптаган» адам менен жолуккусу келет


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп анын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу арызданган адам менен бетме-бет кездешип жолуккусу келерин билдирди. Ал буга байланыштуу 29-сентябрда «Твиттердеги» баракчасына бир канча билдирүү калтырып, аны «айыптаган» адам «мыйзамсыз маалымат таратканын» жазды.

«Ал адам АКШнын президентин аңдыдыбы? Мунун кесепеттери чоң!» деп жазды ал.

Бул билдирүүдөн кийин эле эле «60 мүнөт» телеканалындагы жаңылыктар программасы Трамптын телефондогу сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берген адам федералдык коргоого алынганын маалымдады.

Дональд Трамп менен Владимир Зеленеский телефондон 25-июлда сүйлөшкөн. Бул сүйлөшүүгө байланыштуу чалгын кызматындагы информатор жетекчилигине билдирген. Анда Трамп өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Украинада эмне иштерди кылып жүргөнүн иликтөөнү талап кылганы айтылган. Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы ушул окуядан улам президентти «кызмат абалынан кыянат пайдаланды» деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

Телефондогу сүйлөшүүдөн улам башталган саясий жаңжалга байланыштуу АКШнын улуттук чалгын кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Жозеф Магуайр Конгрессте бир топ суроолорго жооп берген.

XS
SM
MD
LG