Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Чүйдө тойдон кийинки атышуудан эки адам жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында үйлөнүү тоюнан кийин ок атылып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы дүйшөмбү күнү кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Назира Имангазиева «Азаттыкка» билдиргендей, окуя 29-сентябрда болгон. Орок айылында тойдон кийин жаштар Жал айылынан баргандар менен мушташа кетишкен.

- Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Ленин райондук милициясына ооруканага ок тийген эки эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ички иштер кызматкерлери сураштырганда алар Ороктогу окуядан жабыркагандар экени аныкталды, - деди ал.

Ок кайсы куралдан атылганы азырынча так аныктала элек. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды.

Быйыл июнь айында Чүйдүн Төмөнкү Орок жана Жаңы-Жер айылдарында өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, милиция жана аксакалдар кийлигишип жатып токтотушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG