Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:54

Сауд Арабиясы мунайдын баасы «асман чапчышы» мүмкүн экенин эскертти


Мухаммед ибн Салман.

Сауд Арабиясынын ханзадаасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман эгер эл аралык коомчулук Иранды ооздукташ үчүн катуулугун жана чечкиндүүлүгүн көрсөтпөсө, мунайдын дүйнөлүк баасы болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, чыңалуу дагы күчөй турганын эскертти. Ал ошол эле кезде Иран маселесин чечүүдө аскердик эмес, саясий чечимге артыкчылык бере турганын айттты.

Салман 29-сентябрда америкалык CBS телеканалындагы «60 мүнөт» программасындагы маегинде «бул ишти аскердик эмес, саясий жана тынч жол менен чечүү жакшыраак» деди.

Бул интервью Сауд Арабиясынын мунай заводуна 14-сентябрда дрондон чабуул коюлуп, өлкөнүн кара май өндүрүшүнүн 50 пайызга, ал эми дүйнөлүк мунай базарында кара майдын 5 пайызга азайышына алып келген чабуулдан кийин болду.

Заводдорго коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Иранга ыктаган Йемендеги хусит козголоңчулары алган. Бирок Вашингтон да, Эр-Рияд да «ал кол салуунун артында Ирен турат» деп жатышат. Тегеран болсо дооматтардын баарын четке кагып келет.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG