Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

Аба ырайы: 1-октябрга карата маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

1-3-октябрь аралыгында Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде - 2, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3° суук болуп, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрөт.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 13...18,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7° суук, күндүз 1...6° градус жылуу болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 16…18° градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG