Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Жалал-Абадда жаңы телеканал иштей баштады


Жалал-Абад шаарында «Регион» аттуу жаңы телеканал иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» каналдын башкы директору Рамис Каимов билдирди.

27-сентябрдан тартып канал өз берүүлөрүн Жалал-Абад жана Ош аймактарына жайылта баштады.

Каимовдун айтымында, көз каранды эмес телеканал бийликтин же оппозициянын кызыкчылыгын көздөбөйт.

Музыкалык, маалыматтык жана аналитикалык багытта даярдалган көрсөтүүлөр кийинки айдан баштап Бишкек шаарында да көрсөтүлө баштайт.

Лицензиясы «Карек» жоопкерчилиги чектелген коомуна катталган «Регион» телеканалында учурда ондон ашык кызматкер иштеп, 24 саат бою эфирге чыгууда.

Кыргызстанда Юстиция министрлигинен миңден ашуун жалпыга маалымдоо каражаты каттоодон өткөн. Анын 20дан ашыгы телеканалдар. (RsK)

XS
SM
MD
LG