Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Грекия: качкындар лагериндеги өрттөн эне-бала күйүп кетти


«Мориа» качкындар лагеринде өрттөн кийин калайман түшкөн башаламандык болду.
«Мориа» качкындар лагеринде өрттөн кийин калайман түшкөн башаламандык болду.

Грекиянын Лесбос аралындагы «Мориа» качкындар лагеринде чыккан өрттөн эки адам өлдү. Жергиликтүү полиция алар качкын катары тыштан келген эне-бала экенин билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, өрт эки жерде тутанган: биринчиси лагердин сыртындагы зайтун бактарынын жанында, экинчи кырсык лагердин өзүндө болгон.

Негизинен ооган жарандары басымдуулук кылган бул лагердин жашоочулары өрт тез өчүрүлбөгөнүнө нааразы болуп, тополоң чыгарышты. Мунун айынан калайман баш аламандык болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

«Мориа» лагерин ушул тушта 12 миңдей адам байырлайт. Бирок Бириккен Улуттар Уюму берген чатырлар 3 миң гана адамга ылайыкташкан.

БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги эне-баланын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Лесбостун мэри Стратис Кителис жагдай «чыңалып» турганын айтты.

2015-жылдан тартып Грекияны 70 миңдей сириялык качкын байырлайт. Грек өкмөтү буга чейин качкындардын агымына туруштук бере албай калганын, бул өлкөгө ар кандай жолдор менен баш калка издеп келгендердин баарын батыра албай турганын айтып даттанган.

XS
SM
MD
LG