Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Өкмөт башчы пенсиянын көлөмүн көтөрүү тууралуу токтомго кол койду


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пенсияны көтөрүү тууралуу токтомго 30-сентябрда кол койду.

Расмий кабарга ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиянын өлчөмүнө жана камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 7 пайыздан 18 пайызга чейин жогорулайт.

Баштапкы маалыматтарга караганда, пенсиянын орточо өлчөмү 5820 сомду түзөт.

667,3 миң пенсионерди индексациялоого кошумча 659,2 млн. сом керектелет. Аны менен бирге пенсиялардын базалык бөлүгүн жогорулатуу боюнча республикалык бюджеттен 67,3 млн сом, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуу үчүн Пенсия фондунан 592 млн. сом керек.

XS
SM
MD
LG