Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Трамп-Зеленский сүйлөшүүсүн ачыкка чыгарган кызматкер Конгрессте маалымат берет


Дональд Трамп менен Владимир Зеленский.
Дональд Трамп менен Владимир Зеленский.

Президент Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу арызданган информаторго АКШнын улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Конгрессте сөз сүйлөгөнгө уруксат берди. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасы кабарлады.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы бул окуяга байланыштуу Дональд Трампты «кызмат абалынан аша чапты» деп күнөөлөп, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган. Анын алкагында кийинки аптадан тартып Конгрессте талкуулар башталат жана мамлекеттик катчы Майк Помпео, Украина боюнча Вашингтондун атайын өкүлү Курт Волкер жана экс-элчи Мари Йованович баштаган аткаминерлер көрсөтмө беришет.

Өкүлдөр палатасы Мамлекеттик департаменттен Ак үйдүн Киев менен байланышы тууралуу болгон документтерди берүүнү сураганы да маалым болду.

Дональд Трамп 29-сентябрда аны "айыптаган" адам менен көзмө-көз жолуккусу келерин айтты жана аны "мыйзамсыз тыңчылыкка" байланыштуу күнөөлөп, мунун кесепети оор болорун эскерткен.

Улуттук чалгын кызматы мындай опузалардан улам ал адам федералдык коргоого алынганын кабарлады.

Дональд Трамп менен Владимир Зеленеский телефондон 25-июлда сүйлөшкөн. Бул сүйлөшүүгө байланыштуу чалгын кызматындагы информатор жетекчилигине билдирген. Анда Трамп өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Украинада эмне иштерди кылып жүргөнүн иликтөөнү талап кылганы айтылган.

XS
SM
MD
LG