Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Ташкент: Францияда кармалган теннисчи айым - өзбек жараны эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Францияда камакка алынган теннисчи Альбина Хабибулинага байланыштуу расмий билдирүү таратты. Анда спортчу айым 2017-жылдын август айынан тарта Өзбекстандын жараны эмес экени айтылат.

Өткөн аптанын аягында бир катар француз басылмалар кыргызстандык Ксения Палкина менен өзбекстандык Альбина Хабибулина камалганын жазып чыгышкан. Ага ылайык, спортчуларга «алдын ала сүйлөшүлгөн беттешке катышкан» деген айып коюлган.

Маалыматтарга караганда, өзбекстандык оюнчу быйыл мартта Гонессте өткөн турнирде атаандашына атайылап жеңилип берген. Ал эми кыргызстандык теннисчи аталган сүйлөшүүгө ортомчу болгон деп айтылган.

Ушундан улам кыргызстандык жана өзбекстандык теннисчилер Клермон-Феррандагы мелдешке катыша албай калышкан. Бул мелдеште Борбор Азиядан барган теннисчилер жуп катары ойномок.

Ксения Палкина камакка алынганы тууралуу маалыматтарды жокко чыгарган, бирок өзбекстандык теннисчиге байланыштуу көрсөтмө бергенин ырастаган.

XS
SM
MD
LG