Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:48

Кулчумановго кол салгандардын бири Матраимовдун жакын тууганы экени аныкталды


Райымбек Матраимов.

Ошто «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактагандардын бири Райымбек Матраимовдун жакын тууганы экени аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Бирок тергөө кызыкчылыгына байланыштуу анын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренеси 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райым Матраимовдун аты аталган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы.

Тартып алынган жабдуулар милицияга тапшырылганы айтылды, бирок «Азаттыкка» кайтарыла элек. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (52)

XS
SM
MD
LG