Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Исламабад: Пакистан-Индия чек арасындагы атышууда эки адам өлдү


Кашмирдеги Индиянын жоокерлери.
Кашмирдеги Индиянын жоокерлери.

Пакистандын бийлиги Кашмирдин талаштуу аймагында Индиянын аскерлери менен атышууда эки адам окко учканын, дагы төрт киши жарадар болгонун билдирди. Нью-Дели бул окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Эки өлкөнүн жоокерлери Гималай аймагында маал-маалы менен атышып турат. Бирок тирешүү Индия өкмөтү Кашмирди өзгөчө автономия макамынан ажыратарын билдиргенден кийин айрыкча күчөдү.

Өткөн айда Индиянын өкмөтү Баш мыйзамды өзгөртүп, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарарын жарыялаган. Ага ылайык, негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Нью-Делинин мындай чечимин кескин айыптаган.

Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөө ушул Кашмирдин айынан тутанган.

XS
SM
MD
LG