Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Вацлав Гавел атындагы сыйлык уйгур окумуштууга, Балкандагы уюмга берилди


Илхам Тохти 2014-жылы Кытайда өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген.
Илхам Тохти 2014-жылы Кытайда өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген.

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАСЕ) быйылкы Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты Кытайда 2014-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган уйгур улутундагы окумуштуу, укук коргоочу Илхам Тохтиге жана Балкандагы «Жаштар демилгеси» укук коргоо уюмуна ыйгарды. Бээжин Тохтиге жикчилдик боюнча айып койгон.

Бул сыйлыкка быйыл Тажикстанда камакта отурган адвокат Бузургмехр Ёров да көрсөтүлгөн. Ал «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргогону үчүн 28 жылга кесилген.

Европа Кеңешинин адам укуктары багытындагы өзгөчө эмгеги үчүн берилчү Вацлав Гавел атындагы сыйлык 2013-жылы негизделген жана сыйлыктын өлчөмү 60 миң еврону түзөт.

Былтыр бул сыйлыкты ошол кезде абакта отурган, Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борборунун Чеченстандагы бөлүмүн жетектеген Оюб Титиев алган. Сот 2018-жылы март айында аны «Баңгизат сактоо» беренеси боюнча төрт жылга колонияга кескен. Титиев быйыл жайында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошогон.

XS
SM
MD
LG