Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Өкмөт «Азаттык» кабылган окуя боюнча пикирин билдирди


Кыргыз өкмөтү «Азаттык» радиосу кабылган окуянын сөз эркиндигин чектөөгө тиешеси жок экенине ишенгиси келет. Бул тууралуу 30-сентябрда өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

- Кыргыз өкмөтү «Азаттык» радиосунун журналисти менен болгон окуяга тынчсызданат, бирок биз бул окуянын себептерин жана бардык деталдарын козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө аныкташы керек деп эсептейбиз. Ошол эле учурда окуяга турмуштук пикир келишпестик себеп болгонуна жана сөз эркиндиги менен журналисттик ишмердүүлүктү кандайдыр бир чектөөгө тиешеси жок экенине ишенгибиз келет, - деди Султаналиев.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренеси 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райым Матраимовдун аты аталган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы.

Тартып алынган жабдуулар милицияга тапшырылганы айтылды, бирок «Азаттыкка» кайтарыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG