Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

«Азаттыктын» жабдуулары сотко чейин милицияда болот


«Азаттыктын» операторунан карактоо жолу менен тартып алынган кымбат техникалык жабдуулар сот чечимине чейин милицияда болот. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирип, аппараттар тергөө кызматында далил буюмдары катары сакталарын айтты:

- Тартылган тасмалар жабдуулардын ээлеринин, адвокаттарынын катышуусунда алынып, экспертизага жөнөтүлөт. Жабдуулардын абалы боюнча техникалык экспертиза дайындалат.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» кызматкери Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренеси 4-пунктунун негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал пункт «Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык» деп аталат.

Соккудан улам Айбек Кулчумановдун оң капталы ооруп калган, ал медициналык текшерүүдөн өтүүдө.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга эки арыз жазышкан. Матраимовдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы операторго кол салгандардын бири Матраимовдун жакын тууганы экени аныкталганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG