Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Дин комиссиясы кыргыз тилин даңазалаган үч айлык өткөрүүдө


Дин комиссиясынын тапшырыгына ылайык Ошто өткөн иш-чара. 30-сентябрь, 2019-жыл.
Дин комиссиясынын тапшырыгына ылайык Ошто өткөн иш-чара. 30-сентябрь, 2019-жыл.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кыргыз тилине мамлекеттик тил деген макам берилгендигинин 30 жылдыгына карата үч айлык өнөктүк өткөрүүдө. Мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова билдиргендей, диний уюмдар мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана даңазалоо максатында маданий иш-чараларды уюштуруп жатышат.

Анын алкагында өлкө аймагындагы диний уюмдардын жана диний окуу жайларынын арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган тегерек столдор, семинарлар, лекциялар өтүп, дилбаян сынактары уюштурулат.

1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

XS
SM
MD
LG