Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:50

Тажикстан камактагы 48 ооган жаранын Ооганстанга өткөрүп берди


Эки өлкө абактагы жарандарды алмашуу тууралуу 2010-жылы макулдашкан.

Тажикстан 30-сентябрда өз түрмөлөрүндө отурган 48 ооган жаранын өткөрүп берди. Дүйшөмбүнүн маалыматына ылайык, алардын көбүнө баңгизат соодасына байланыштуу айып тагылган.

Буга чейин Ооганстан «ашынган террорчулук ишмердигине» байланыштуу камалган бир канча тажик жаранын Дүйшөмбүгө өткөрүп бергенин билдирген, бирок алардын саны айтылган эмес.

Эки өлкө ушул жылы жайында дагы бири-бири менен абактагы жарандарын алмашкан. Анда Дүйшөмбү Кабулга 80 адамды жөнөткөн.

Тажикстандын Ооганстандагы элчилигинин өкүлү Саидмасъуд Бадахш «Азаттыктын» тажик кызматына түрмөлөрдө дагы 70 ооган жараны калганын билдирди.

Абактагы жарандарды алмашуу тууралуу эки өлкө 2010-жылы макулдашкан. Ага ылайык, бул адамдар жаза мөөнөтүн өз өлкөлөрүндө өтөйт.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар ооган жарандары тажик түрмөлөрүнүн шартына нааразы болуп жатышканын, ажал тапкандар да бар экенин жазышкан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG