Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

ЕККУ бийликти «Азаттыктын» операторуна кол салууну кылдат иликтөөгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго кол салуу боюнча кабатырлыгын билдирди.

«"Азаттык" радиосунун оператору Айбек Кулчумановго өткөн ишембиде Ош шаарында белгисиз төрт адам кол салганына байланыштуу тынчсызданганымды билдирем. Маалымат каражатынын кызматкерине карата мындай мамиле жарабайт. Мен бийликти бул окуяны кылдат иликтөөгө чакырам», деп жазды «Твиттер» баракчасына уюмдун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө олбурлуу жигиттер анын артынан келип кол салып, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адамдар тарабынан жасалган каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө бир нече ирет Райымбек Матраимовдун аты аталган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы.

Тартып алынган жабдуулар милицияга тапшырылганы айтылды, бирок «Азаттыкка» кайтарыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG