Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Ереванда ЕАЭБдеги мамлекеттердин өлкө башчылары чогулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрда Ереванда Евразия Экономикалык Кеңешинин жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат. Кыргыз делегациясы 30-сентябрда Арменияга кетишкен.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекет башчыларынын «Евразия континентинин транзиттик дарамети» форумунун ишине катышат.

Кыргыз делегациясынын курамында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бар.

Евразия Экономикалык Биримдигине Кыргызстан, Армения, Казакстан, Беларус жана Орусия мүчө.

Альянс алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин Армения менен Кыргызстан кошулган.

XS
SM
MD
LG