Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Литейный райондук жыйынынын депутаттары отурумдар өтчү залдан президент Владимир Путиндин сүрөтүн алып салууну чечишти. Анын ордуна академик Андрей Сахаровдун портретин коюшарын «Азаттыктын» орус кызматы кабарлады. Депутаттар муну «демократияга, адам укуктарына жана сөз эркиндигине урмат» деп негиздешти.
Сахаров Совет учурунда бийликтин кысымына кабылган белгилүү укук коргоочу, окумуштуу болгон.
Мындай чечим кабыл алынган жыйынга «Единая Россия» партиясынан шайланган депутаттар катышкан жок. Аталган аймактагы шайлоодо көпчүлүк добушту «Яблоко» партиясы алган.
Андан бир аз күн мурда Фрунзе районунун депутаттары да Путиндин сүрөтүн алып салышкан болчу.
8-сентябрдагы шайлоонун жыйынтыгына ылайык, оппозиция Санкт-Петербургдагы бир катар муниципалдык кеңештерде көбүрөөк мандатка ээ болгон. Ага карабай, аймактардын басымдуу бөлүгүндө бийликчил «Единая Россия» партиясынын депутаттары отурушат.