Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Атамбаевдин тарапташтарынын бөгөт чарасы узартылды


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкинанын үй камагындагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узартты. Иш 30-сентябрда каралды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Ирина Карамушкина 7-8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо учурунда күч кызматкерлерин барымтага алууга тиешеси болушу мүмкүн деп шек саналууда.

22-августта райондук сот аны 8-октябрга чейин үй камагына алуу тууралуу чечим чыгарган. Башкы прокуратура Карамушкина Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча шек саналып жатканын кабарлаган.

Депутат өзү атайын кызматтын өкүлдөрүн 20 сааттан ашуун убакыт кармап туруунун себебин «сыртка чыгарганда аларды башкалар токмоктоп салышы ыктымал эле» деп түшүндүргөн.

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Фарид Ниязов баштаган бир катар тарапкерлери да кармалган. Алардын камактагы мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды.

Кармалгандар болсо муну бийликтин куугунтугу деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG