Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

«Doing Business - 2020»: Кыргызстан алдыңкы 20 өлкөнүн катарында


Кыргызстан Дүйнөлүк Банк тарабынан жарыяланган «Doing Business - 2020» рейтингинин алдыңкы 20 реформатор-өлкөсүнүн катарына кирди.

Баяндаманын авторлору өлкө электр түйүндөрүнө кошулуу, салык салуу жана насыя алуу индикаторлору боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртканын белгилешкен.

Дүйнөлүк Банк алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына ондон ашык тармак боюнча бизнес жүргүзүүнү жеңилдете турган реформаларды жүргүзгөн мамлекеттерди киргизген.

«Doing Business - 2020» рейтингинин расмий бет ачары быйыл октябрдын аягында болот. Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, өлкө 2023-жылга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кириши керек. 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан бул рейтингде 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчүн жети тепкичке көтөрүлүп, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты.

«Doing Business» рейтинги дүйнөнүн 190 өлкөсүндө ишкерликти көзөмөлдөөгө байланышкан мыйзамдарды баалаганга мүмкүндүк берет.

XS
SM
MD
LG