Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Текебаев менен Чотонов соту: Курсан Асанов күбө катары чакырылат


Сот отуруму. 1-октябрь, 2019-жыл.
Сот отуруму. 1-октябрь, 2019-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна күбө катары дагы 13 адам чакырылмай болду. Алардын арасында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да бар.

Бүгүн 1-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароо уланып жатат.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова 2010-жылдын 13-майында Чотонов Ошто болгонун тастыкташ үчүн сотко күбө катары ошол учурда ИИМ башчысынын милдетин аткарып турган Бакыт Алымбековду, экс-губернатор Мамасадык Бакировду, Чотоновдун жан сакчысы Тынчтык Аметовду, авиакомпаниянын өкүлү Татьяна Пинчукту, президенттик аппараттын мурдагы кызматкери Сатымгүл Бактаеваны, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду, парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаковду, вице-спикер Асия Сасыкбаеваны жана башкаларды, жалпысынан 13 адамды чакыруу жөнүндө өтүнүч келтирди.

Прокуратура өкүлдөрү каршылык билдирген жок.

Сот өтүнүчтү канааттандырып, мурдагы отурумда айыпталуучу тарап 12 адамды күбө катары чакыруу тууралуу өтүнүч келтиргенин, күбөлөр 25 адам болгонун тактады.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Муну алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалашкан.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Курсан Асанов Кой-Таштагы окуялардан кийин кызматтан алынган. Өкмөт ал «милициянын кызыкчылыгын сатканы жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG