Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

«Улут аралык кастыкты козутту» деген окутуучу Жогорку соттон да акталды


Темир Болотбек.
Темир Болотбек.

«Улут аралык кастыкты козутту» деп айыпталган окутуучу Темир Болотбек Жогорку соттон да акталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» сотко мониторинг жүргүзгөн укук коргоочу Рита Карасартова кабарлады:

- Темир Болотбек биринчи жана экинчи инстанциядан акталганына карабастан прокуратура ошол чечимдерди буздуруш үчүн Жогорку сотко чейин барды. Бүгүн Жогорку соттун соттук коллегиясы аны актады. Абдан кубанычтабыз, себеби ал жазган сөздөр улут аралык кастыкты жаратпайт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке карата 2018-жылы 1-мартта «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Буга ал «Фейсбукта» Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды «совок» деп атап, «Рашага көчүп кеткиле» деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту жана шаардык сот окутуучуну актаган чечим чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG