«Азаттык Медиа» мекемесинин оператору Айбек Кулчумановго күч колдонуп, техникалык жабдууларын карактап кетишкен окуяга байланыштуу «ПолитКлиника» басылмасы кыргызстандык журналисттерге кайрылып, аларды биримдикке чакырды. Басылманын 1-октябрда тараткан кайрылуусунда мындай деп жазылат:
«Демократиялык мамлекетте мындай окуялар болуп жатканын сөз эркиндигине болгон кысым катары баалайбыз.
Тилекке каршы, айрым журналист кесиптештерибиз социалдык тармактар аркылуу кайсы бир саясий топко ачык эле жан тартып жатканы көрүнүп турат. Бул кесиптештерибизди кимдир-бирөөгө же саясий топторго курал болбой, журналисттик миссиябызды так аткарууга чакырып кетебиз.
Журналисттерге күч колдонулуп, сөз эркиндигине басым жасалып жаткан учурда баарыбыз тилектеш болушубуз керек. Бүгүн «Азаттыкка» кысым жасалып жатса, эртең дагы башка медиага же журналистке кысым жасалышы мүмкүн.
Ошондуктан, баарыбыз бир муштумга биригип, укук коргоо органдарынан бул иштин аягына чейин адилеттүү иликтенишин, тиешелүү тараптар жоопкерчиликке тартылышын талап кылалы!»
28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип кол салып, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.
Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.
Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты аталган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууганы.
Тартып алынган жабдуулар соттун чечими чыкканга чейин милицияда болот.
Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар буга тынчсыздануусун билдирип, терең иликтөөгө, сөз эркиндигин ооздуктоого жол бербөөгө чакырышты. Кыргыз өкмөтү «Азаттык» радиосу кабылган окуянын сөз эркиндигин чектөөгө тиешеси жок экенине ишенгиси келерин билдирген. (SE)