Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:43

Нурбаев: «Азаттыкты» баарыбыз биригип коргошубуз керек


Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандын жалпы коомчулугун «Азаттык» радиосун коргоп калууга чакырды. Депутат сөз эркиндигин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, «Азаттык» ар дайым чындыкты айтарын кошумчалады:

- Кыргызстан жетишкен, өнүккөн өлкө болгусу келсе сөз эркиндигине көңүл бурушу зарыл. Сөз эркиндигин коргоп, өтө аяр мамиле кылышыбыз керек. «Азаттык» менен болгон окуя сөз эркиндигине доо кетирбеши зарыл. «Азаттык» Кыргызстандагы тарыхый, эң кыйын убактарда да чыркырап чындыкты айтып келген, жабыр тарткандардын баары «Азаттыкка» барышат. Коомчулук, баарыбыз биригип «Азаттыкты» коргоп, сактап калышыбыз керек.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун (« Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Тартып алынган жабдык соттун чечими чыкканга чейин милицияда болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG