Ооган бийлиги өлкөнүн түндүгүндөгү Балх провинциясында «Талибан» кыймылы менен полициянын атышуусунда кеминде 11 полиция кызматкери мерт болгонун кабарлады.
Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Мунир Ахмад Фархаддын билдиришинче, кол салуу 1-октябрда таңга маал башталган. Талибдер Шор-Топе районунун борборун төрт жерден аткылашкан. Бийлик бул районго кошумча күч жөнөттү.
Талибдердин расмий өкүлү Забихулла Мужахид болсо «Шор-Тепеге козголоңчулар кол салган» деп билдирди.
Балх провинциялык кеңештин башчысы Мухаммад Афзел Хадид бул аймак өлкөнүн борборунан алыс жайгашканын, кошумча күч чукул арада келбесе, өлгөн адамдардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.
Ооганстанда президенттик шайлоого байланыштуу жана АКШ тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү биротоло токтотуп койгондон кийин талибдердин чабуулу күчөдү.