Кытай бүгүн, 1-октябрда коммунисттик башкаруудагы мамлекет болгонунун 70 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бээжиндеги Тяньаньмэнь аянтында негизинен аскердик техника, заманбап курал-жарак даңазаланган парад болду. Ага жалпысынан 100 миң адам катышты.
Бул күнү кечинде 60 миң адам катышкан майрамдык иш-чаралар өтөт. Кытайда майрамга карата коопсуздук чаралары бир канча эсе күчөтүлдү.
Тяньаньмэнь аянтында 70 жыл мурун Коммунисттик партиянын лидери Мао Цзэдун Кытай Эл Республикасы түзүлгөнүн жарыялаган. Бул аянтта 30 жыл илгери авторитардык режимге каршы нааразылыкка чыккан студенттерге ок атылган.
Кытайдын 70 жылдык маарекесин утурлай Гонконгдо Бээжинге каршы нааразылык акциялары өттү. Дем алыш күндөрү демонстрацияга чыккандарга каршы полиция жаш агызчу газ колдонуп, суу бүркүп, желим ок менен атты.
Гонконгдо калайман нааразылык акциялары мындан үч ай мурун башталган жана ал кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ачкан мыйзам долбооруна байланыштуу чыккан.
Ушул айдын башында шаар жетекчиси Кэрри Лам талаштуу долбоорду парламенттен артка кайтарып алган, бирок демонстранттар, оппозиция лидерлери анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.