Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Нарын шаарынын жаңы мэри шайланды


Нурбек Молдокадыров.
Нурбек Молдокадыров.

1-октябрда Нарын шаарынын мэри болуп Нурбек Молдокадыров шайланды. Шаардык кеңештеги 31 депутаттын 25и аны колдоп добуш берди.

Молдокадыровдун атаандашы Стал Муканбетовду үч депутат колдоду. Калган үч эл өкүлү баарына каршы болушту.

Молдокадыров буга чейин Ак-Талаа районунун акими болуп иштеген. Ага чейин Нарын шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматын аркалаган.

Мурдагы мэр Эмилбек Алымкулов быйыл 6-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. (MiK)

XS
SM
MD
LG