Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

ЕАЭБде интеграцияга багытталган документтер кабыл алынды


Ереван. 1-октябрь, 2019-жыл.
Ереван. 1-октябрь, 2019-жыл.

Армениянын борбору Ереванда Евразия экономикалык комиссиясына мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин кезектеги жыйынында 17 маселе каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ташып келүүдөн алынуучу бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдери жыйындын негизги темасы болду.

Кыргызстан менен Казакстандын сунушу боюнча 2025-жылга чейинки интеграцияны жакшыртуунун стратегиялык багыттарын аныктаган документ иштелип чыкмай болду.

Ички соода-сатыктагы тоскоолдуктар тууралуу сөз болуп, жалпысынан 56 тоскоолдук бар экени, алардын 37си жоюлганы айтылды.

Орусиядан Кыргызстанга айына миң рублдан ашык которбоо тууралуу чектөөгө байланыштуу маселе да көтөрүлүп, ал Орусиянын Борбордук банкы менен талкууланмай болду.

Жыйынтыгында Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мындан аркы интеграциялык өнүгүшүнө багытталган бир катар документтер кабыл алынды.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берелерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG