Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Иранда Хасан Роуханинин бир тууганы беш жылга соттолду


Хусеин Ферейдун.
Хусеин Ферейдун.

Иранда сот президент Хасан Роуханинин бир тууган иниси Хусеин Ферейдунду беш жылга эркинен ажыратты. Ал быйыл май айында коррупцияга байланыштуу камакка алынган.

Сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейн Эсмаили Ферейдунга дагы башка айыптар коюлушу ыктымал экенин билдирди, бирок анын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок.

Хусеин Ферейдун 2017-жылы өлкө президенти жана бир тууган агасы Хасан Роуханинин башкы кеңешчиси болуп турган учурунда «финансылык кылмыштарга аралашкан» деген айып менен камакка алынып, бирок көп өтпөй күрөө төлөп бошотулган.

Консерваторлор аны каржылык мыйзам бузууга, коррупцияга байланыштуу айыптап, соттолушун талап кылышкан.

Роуханинин тарапкерлери болсо Ферейдундун жагдайы президентти каралагысы келгендердин иши деп эсептей турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG