Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Күбөлөр Текебаев менен Чотоновду актаган көрсөтмө берүүдө


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залынан бошогон күн. 29-август, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залынан бошогон күн. 29-август, 2019-жыл.

Мурдагы элчи жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылдын 13-майында Бишкекте эмес, Ошто болгон, андыктан ага коюлган айыптар негизсиз. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Чотонов менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча отурумда айтылды.

Күбө катары көрсөтмө берген он чакты адам ошол күнү өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган Чотонов Ми-8 тик учагы менен Ошко учуп барганын, бир катар жолугушууларды өткөргөнүн айтып беришти.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 2010-жылы апрель окуясынан кийин Ош шаардык милициясынын башчысы болуп турганын,13-майда Убактылуу өкмөткө каршы топ облустук администрацияны басып алганын, алар менен суйлөшүү үчүн Бишкектен барган топтун арасында Чотонов да болгонун айтты.

Адвокат Таалайгүл Токтакунованын өтүнүчү менен жалпысынан 25 күбө суралмай болду.

- Мурда келбеген күбөлөр, генералдар келип көрсөтмө берип жатышат. Мурда коркуп, жада калса кабинетти айта албаган адамдар көрсөтмө берүүдө, - деди ал.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалашкан.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана сот залынан бошоткон. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Кийинки соттук отурум 17-октябрда болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG