Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:17

Бишкек-Ош жолунда кара май ташыган машине жеңил унаа менен сүзүштү


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 1-октябрь, 2019-жыл.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 1-октябрь, 2019-жыл.

Токтогул районунда жеңил машине оор жүк ташуучу автоунааны сүзгөн кырсык катталды.

Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инпектору Айбек Сатыбалдиевдин маалыматына караганда, окуя 1-октябрда эртең менен Ош-Бишкек автожолунун 325-чакырымында, Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тушунда болгон.

Күйүүчү май ташыган машине Оштон Бишкекти көздөй баратканда күтүүсүздөн алдынан мал чыга калып, автоунаасын чукул токтотууга мажбур болгон. Күү менен келаткан жүк ташуучу автоунаанын артындагы чиркемеси үзүлүп, үстүндөгү май куюлган цистернасы жолду тороп калган.

Кырсык болгон ошол маалда башка бир автунаа келип цистернаны сүзгөн. Кырсыктан бензин ташыгычтын айдоочусу жеңил жаракат алган, бирок ооруканага кайрылган эмес. Башка жабыр тарткан адамдар жок.

XS
SM
MD
LG