Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2003-2016-жылдары Орусияда спирт ичмдиктерин ичүү 43 пайызга азайганын, ушундан улам адамдардын өмүрү узара түшкөнүн билдирди. Аталган уюм муну мамлекеттин алкоголдун сатылышын чектеген, дени сак жашоого үгүттөгөн чаралары менен түшүндүрдү.
Баяндамада «Орусия узак убакыт бою аракты көп ичкен жарандардын мекени деп эсептелип келген. Бул 1990-жылдарда өлүм-житимдин көбөйүшүнө себеп болгон. Акыркы жылдары бул абал оңоло баштаганы байкалат» деп айтылат.
Буга чейин орус жарандарынын өмүрү узарып, тарыхый чекке жеткени кабарланган. Былтыр аялдардын өмүрүнүн орточо узактыгы 78, эркектердики 68 жашты түзгөн. 1990-жылдары, маселен, эркектердин өмүрүнүн орточо узактыгы 57 гана жаш болчу.
СССРдин акыркы лидери Михаил Горбачев аракечтикке каршы өнөктүк жүргүзгөн. Бул өз кезегинде 1980-жылдан 1990-жылга чейин арак-шарап ичүүнүн азайышына алып келген. Бирок Советтер Союзу кыйрагандан кийин спирт ичимдиктерин ичкендер кескин көбөйгөн.
Расмий Москва ушул тушта тамеки чегүүгө каршы өнөктүк жүргүзүп жатат. Өлкөдө 2009-2016-жылдары чылым тарткандар 20 пайыздай азайган.