Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

«Next TV»: «Азаттыкка» кландык-олигархиялык чөйрө эбегейсиз басым кылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы жеке менчик «Next TV» телеканалы «Азаттык» радиосунун оператору Айбек Кулчумановго карата кол салуу боюнча билдирүү таратты. Анда телеканалдын жамааты «Азаттыктын» кабарчыларына карата болуп жаткан каралоону «Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон чабуул» катары сыпаттай турганы белгиленген.

«Бүгүн «Азаттыкка» чабуул коюлса, эртең дагы башка медиага кысым болбойт деп ким айта алат? Андыктан «Азаттыктын» журналисттерине болгон кол салуунун укук коргоо органдары тарабынан терең иликтенишин талап кылып, бир муштумга биригели. «Азаттык» радиосуна карата Кыргызстандын кландык-олигархиялык коомчулугунун басымы болуп көрбөгөндөй күч алууда. Радионун кесипкөй журналисттери өлкөдө болуп жаткан коррупциялык көрүнүштөр менен криминалдык иш-аракеттерди көзгө сая ачыкка чыгарып жатканы кландык-олигархиялык чөйрөнү эле эмес, алар терең тамыр жайып кеткен мамлекеттик бийликти да катуу тынчсыздантып жатканы көрүнүп турат» деп айтылат билдирүүдө.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Матраимовдун өзүнөн бул туурасында комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Азаттык» буга чейин коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрүндө Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Тартып алынган жабдык соттун чечими чыкканга чейин милицияда болот.

XS
SM
MD
LG