Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:55

Эммануэл Макрон Страсбургда режиссёр Сенцов менен жолугушту


Эммануэл Макрон менен Олег Сенцов.
Эммануэл Макрон менен Олег Сенцов.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 1-октябрда Страсбургда украиналык белгилүү кинорежиссёр Олег Сенцов менен жолугушту.

Беш жыл Орусияда камакта отурган Сенцов Москва менен Киев абактагыларды алмашканда эркиндикке чыккан.

Украинадагы «Перший» телеканалы Макрон менен Сенцов жолугушкан учурда тартылган тасмаларды көрсөттү. Макрондун чыгармачылыкка байланыштуу суроосуна Сенцов киного кайтып, китеп жазууга камынып жүргөнүн айтты.

Кинорежиссёр Франция президентине ыраазычылык билдирип, Орусиянын абактарында отурган башка украиналыктарды да унутпоону суранды.

Франциянын коому жана бийлиги Орусиядагы туткундарды эркиндикке чыгаруу жөнүндө талап менен 2018-жылдын декабрында ачкачылык кармаган Сенцовдун эркиндикке чыгарылышына маанилүү роль ойноду. Сенцовго «Париждин ардактуу атуулу» наамы, Европа парламентинин Сахаров сыйлыгы ыйгарылды.

Жолугуудан кийин Европа Кеңешининин Парламенттик Ассамблеясынын ачылышында сүйлөгөн Макрон «башкалардын эркиндиги да өзүнүн эркиндиги сыяктуу эле маанилүү экенине ишенген улуу европалык» деп Сенцовду мактады.

Теги крымдык Олег Сенцов жарым аралды Орусия аннексиялап алганына каршы чыккан. Москва аны террорчу деп айыптап, 20 жылга камап салган болчу.

XS
SM
MD
LG