Ирак менен Сириянын ортосунда сегиз жылдан бери жабык турган өткөрүү пункту 30-сентябрда ачылды. Ал жерден жай адамдардын жана автоунаалардын нары-бери каттоосуна уруксат берилгенин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү маалымдашты. Буга чейин ал жер мамлекеттик жана аскердик каттамдар үчүн гана ачык болчу.
Ирактын Аль-Каим жана Сириянын Абу-Кемаль аймагындагы бул өткөрүү пункту - стратегиялык маанилүү каттамдардын бири. Алар Сирияда 2011-жылы башталган жарандык согуштан бери жабык турган. Кийинчерээк аймакты «Ислам мамлекети» террордук тобунун (Кыргызстанда тыюу салынган) жоочулары көзөмөлдөп калган.
Багдад менен Дамаск экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөп турат. Ошого карабай Батыштын байкоочулары аймакта Ирандын таасири күчөгөнүнө тынчсызданып жатышат. Иракта да, Сирияда да Тегеран колдогон шиит агымынын кыймылдары бар.