Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:06

Жээнбеков ЕАЭБ рыногундагы көйгөйлөрдү кеп кылды


Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) соода-сатыгындагы тоскоолдуктарды жоюш үчүн тиешелүү чаралар көрүлүшү керек экенин билдирди.

Мындай пикирин ал Ереванда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген курамындагы жыйынында айтты.

Мамлекет башчысы беш жылдын ичинде бирдиктүү бажы аймагы түзүлүп, экономиканын дээрлик бардык тармактарында макулдашылган саясат жүргүзүлүп жатканын, экономикалык өнүгүүгө жана ЕАЭБ мамлекеттеринин элдеринин бакубат турмушун жакшыртууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганын белгиледи.

- 2018-жылы дүйнөнүн ири экономикалык державаларынын ортосундагы соода-сатык мамилелеринде чыңалуунун кыйла күчөшү орун алды. Мындан тышкары, бул процесстердин биздин биримдиктин ичиндеги экономикалык абалына тийгизген терс таасирин көрүп жатабыз. Геоэкономикалык өңүттөрдөн тышкары биздин өзүбүздүн жетишсиз ишибиз да ич ара соода-сатыктын көлөмүнүн өсүшүнүн солгундашына себеп болууда. Утурумдук пайданын артынан кууп, айрым өлкөлөр мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүп, кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатышат, - деди Жээнбеков.

Президент мындай мамиле интеграциянын натыйжалуулугун азайтып жатканын белгиледи.

Евразия экономикалык кеңешине кирген өлкөлөрдүн президенттеринин деңгээлиндеги жыйын Ереванда 1-октябрда өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жооптуу кызматкерлер барды.

ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Казакстан, Беларус жана Орусия мүчө. Армениядагы жыйынга Сингапур жана Ирандын лидерлери да катышты.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG