Бишкекте жана Чүйдө «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында автожолдордун боюна орнотулган көзөмөл камераларын талкалап кеткенден кийинки материалдык чыгымдын суммасы миллиондоп саналууда. Бул тууралуу бүгүн 2-октябрда Ички иштер министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата камералар жана аппараттык-программалык комплекстер талкаланган 14 факт катталды. Милиция бул окуялар боюнча иликтөө жүргүзүүдө.
«Техникага гана эмес, оператор кызматкерлерге да кол салуу болгон учурлар бар», деп билдирет ИИМ.
«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, орусиялык «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы жеңген. (RK)