Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы акысыз юридикалык жардам берүү уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган аялдар үчүн акысыз юридикалык жардам берүү өнөктүгү уланууда. «Аялдарга жардам» уюму уюштурган иш-чара 10-декабрда жыйынтыкталат.

Кеңеш жана жардам берүү акциясы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн «Кыргызстанда экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды коргоо» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Жардамга муктаждар 0222 10 20 25 номуруна телефон чалып же Киев көчөсү 97, 717-бөлмө дарегине шейшемби жана шаршемби күндөрү саат 09:00-16:00да кайрылса болот. www.wsc.kg сайты аркылуу да юридикалык жардам берилет.

ИИМдин маалыматына караганда, үй-бүлөдө жасалган зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. 2017-жылы кылмыштын бул түрү үчүн айыпталган жети миң адамга иш козголгон, 2018-жылы балдарга карата жасалган 1 291 зордук-зомбулук фактысы катталган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG