Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Салык кызматы: Отчётту санарип аркылуу тапшыргандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери салык отчётторун электрондук түрдө тапшыргандар 45 миңге көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн 2-октябрда Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл жалпысынан 146 миң колдонуучу отчетун ушундай ыкма менен жөнөттү.

Салык кызматы «салык органына барбастан жана кагаз жүзүндө толтурбастан жеке электрондук кабинет аркылуу отчетту онлайн режиминде толтуруп, тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин» белгиледи.

Кыргызстанда мамлекеттик салыктын алты, жергиликтүү салыктын эки түрү бар. Ишкана-мекемелер алар боюнча отчет тапшырып турууга милдеттүү.

2019-жыл өлкөдө Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG