Мектепте акча чогултууга каршы ата-энелер Жогорку Кеңештин жанына чогулуп, нааразылыгын айтышты. Акцияга чыккан жыйырма чакты адам министрликтин акча чогултууга тыюу салган жаңы буйругуна карабастан мындай көрүнүш дале уланып жатканын билдиришти.
Чогулгандар менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мээрманова жолугуп, акчаны мугалимдер эмес, ата-энелер түзгөн фонд чогултарын, андай фонддордун ишмердүүлүгүнө мыйзам уруксат берерин, акча чогултууну токтотуш үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керектигин айтты.
Нааразылыкка чыккандар ал фонддордун ишмерүүлүгү ачык-айкын болбогондуктан канча акча чогулуп, кантип короп жатканы тууралуу маалымат жок экенин айтышты.
Быйыл апрель айында Чүйдүн Новопавловка айылынын тургундары митингге чыгып, мектеп фондуна чогултулган акчанын эсебин талап кылышкан. Алар Жогорку Кеңештин алдына чейин келип, соңунда мектептин директору алмашкан. (RK)