Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Анжиянда 80ден ашуун окуучу ууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Анжиян облусундагы менчик мектепте 80ден ашуун окуучу тамактан ууланды. Бул тууралуу Элдик билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 30-сентябрда түштө болгон. Алгач 75 окуучу жана жети мугалим тамактан ууланып, кечке маал алардын көбү ооруканага жаткырылган. Учурда алар дарыгердин көзөмөлүндө турат, абалы турукташууда.

Акыркы он күндө Өзбекстанда бир нече жолу жапырт уулануу катталган. 27-сентябрда Бекабаддагы бала бакчада 19 бала ууланган деген шек менен ооруканага жаткырылган. 22-сентябрда Наманганда үлпөт тойдун 50дөй коногу тамактан ууланган.

XS
SM
MD
LG